Ссылки доступа

"Кыргызкөмүр" Кара-Кечеде болгон чырга чагымчылдарды айыптады


Учурда Кара-Кечеде абал тынч, жумуш штаттык режимде жүрүп жатканын 23-декабрда "Кыргызкөмүр" ишканасы Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.

Мамлекеттик ишкана окуя бир нече күн мурун болгонун, атайлап чагымчылдык уюштурулганын кабарлады.

"Бул окуя бир нече күн мурун болгон. Маалыматтар боюнча "Альфа" кызматкерлери менен айдоочуларды уруштуруу максатта үчүнчү күчтөр чагымчылдык аракеттерди жасашкан”, - деп айтылат маалыматта.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети да чагымчылдык уюштурулганы боюнча “Азаттык” радиосуна маалымат берди.

"Көмүр алуу кезегин күтүп жаткан айдоочулар арасында чагымчыл адамдардын иш-аракеттеринен улам келишпестиктер болгон. Атайын кызматтын өкүлдөрү жаңжалды жөнгө салган. Учурда абал туруктуу, “Кара-Кече” көмүр филиалынан көмүр алуу иштери жүрүүдө. Азыркы тапта укук коргоо органдары жеринде иштеп жатат”.

22-декбарда Кара-Кечеде көмүр ташыган айдоочулар менен кенди кайтарган атайын даярдыктагы "Альфа" бөлүмүнүн аскерлеринин ортосунда чыр чыкканы айтылган. Буга байланыштуу видео Интернетке тарап, анда айрым айдоочулар жараат алганы маалымдалган.

Кара-Кече кенинде бир апталык тыныгуудан кийин 20-декабрда көмүр казуу иши жанданган. "Кыргызкөмүр" тазалоо иштери жүрүп жатканына байланыштуу 15-декабрдан баштап көмүр казуу токтотулганын маалымдаган болчу.

Буга чейин "Кыргызкөмүрдүн" "Кара-Кече" филиалын "Альфанын" 12 аскери кайтарып жатканы белгилүү болгон. Көмүр кенинде кезекке байланыштуу мурда да чырлар катталган. 28-августта көмүр ташыган айдоочулар менен жумгалдыктардын ортосунда жаңжал чыккан. Келишпестик ок атууга чейин жетип, айдоочуга кол салгандар таптырбай кеткен.

XS
SM
MD
LG