"Азык-түлүк, кийим-кече жана көмүр жүктөлгөн 63 вагондуу дагы бир поезд Термездеги чек ара бекети аркылуу Мазари-Шариф шаарына жөнөтүлдү", — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.
Өзбекстан 14-сентябрда Ооганстанга азык-түлүк, медицина каражаттары жана кийим-кечеден турган 1300 тонналык гуманитардык жардам жөнөткөн.
15-декабрда БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы Өзбекстандын Термез шаары аркылуу Мазари-Шарифке эки жүк унаасы менен гуманитардык жардам жөнөткөн.
Октябрдын ортосунда БУУ Ооганстанга Өзбекстан аркылуу гуманитардык жардам бере турганы кабарланган.