22-декабрда Атырау облустук соту Бакытгүл Хаменованын бөгөт чарасын карап, аны эки айга камоо чечимин чыгарган. Сотко чейин ал тергөө абагында болот.
Шектүү 12-декабрдан бери үй камагында болчу.
Атырау облусунун акиминин орун басары Бакытгүл Хаменова коррупция шеги менен кармалганы 10-декабрда белгилүү болгон. Аны менен кошо 4,5 миллион теңге (10 300 доллар) пара алууга облустук маданият башкармалыгынын жетекчиси Акылбек Рыскалиев да шектелүүдө. Кеп аймакта акын Абай Кунанбаевдин эстелигин орнотуу үчүн мамлекеттен бөлүнгөн каражатты кымыруу жөнүндө болуп жатат.
Кылмыш иши "Ири көлөмдө пара алуу" беренеси боюнча тергелүүдө.
Бакытгүл Хаменова Атырау облусунун акиминин орун басары болуп былтыр март айында дайындалган. Ага чейин парламенттин алтынчы чакырылышынын депутаты болгон. Ал депутаттык мандатты 2016-жылы Атырау колледжинде директор болуп турганда "Нур Отан" партиясынын съездине катышып, Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевди мактаган сөзүнөн кийин алган.