Ссылки доступа

Талибдер дарыгерлерге эркек коштобогон аялдарды кабыл алууга тыюу салды


"Талибан" бийлиги Ооганстандын Газни провинциясында дарыгерлердин эркек коштобогон аядарга жардам көрсөтүшүнө тыюу салды. Бул тууралуу Etilaatroz.со басылмасы Саламаттык сактоо министрлигиндеги өз булактарына таянуу менен билдирди.

Мурда аялдар ооруканаларга туугандарынын коштоосунда келе алышкан. Бирок талибдер аялдар күйөөсүнө айтпай ооруканага кайрылса, бул “мыйзамсыз жана ахлаксыз” болот деген бүтүмгө келишти. Дарыгерлерден мындай бейтаптарга жардам көрсөтпөөнү жана ооруканага киргизбөөнү талап кылышты.

Басылманын өз булагы мындай тыюу Ооганстандын башка провинцияларына да тиешелүү экенин билдирди.

Ислам чакырыгы жана багыты министрлигинин чечими менен декабрдын ортосунда аялдарга жүзүн жана денесинин кайсы бир бөлүгүн ачып жүрүүгө тыюу салынды. Ооганстан кыз-келиндери эми күңүрт түстөгү, толук чүмбөттөгөн кийимдерди гана кийип жүрө алышат.

Талибдер Ооганстанда 2021-жылдын август айынан бери бийлик жүргүзүүдө. "Талибан" көптөгөн өлкөлөрдө террордук уюм катары таанылган.

Батыш өлкөлөрү радикалдуу кыймылдын бийлигин тааныган жок. Орус бийлиги да расмий түрдө аларды тааныбаганы менен талибдер менен Москвада ырааттуу жолугушууларды өткөрүп келет. Октябрда Владимир Путин Орусия “Талибанды” террористтердин тизмесинен чыгаруу багытын көздөй бет аларын, бирок бул кадамга биринчи кезекте БУУнун Коопсуздук Кеңеши барышы керектигин билдирген.

XS
SM
MD
LG