Ссылки доступа

Өзбекстан Ооганстан темир жолу менен жүк ташууну токтоткон эмес


Быйыл “Өзбекстан темир жолдоруна” таандык “Согдиена Транс” компаниясы Ооганстандан Өзбекстан, Казакстан жана Орусияга 32 410 тонна жүк жеткирди.

Расмий маалыматка караганда, Ооганстандан Өзбекстанга 15 969 тонна, Казакстанга 13 869 тонна, Орусияга 2572 тонна жүк ташылган.

Жүк негизинен кургатылган мөмө жемиш жана жашылчалардан турган.

“Өзбекстан темир жолдору” кабарлагандай, “Согдиена Транс” он жылдан бери Ооганстандан ар түрдүү товарларды КМШ өлкөлөрүнө экспорттоп келет. Бул аралыкта 28 млн тонна жүк ташыган.

20-декабрда пакистандык The News International гезити Өзбекстан 2022-жылы Кабул-Пешавар темир жолунун курулушун баштай турганын кабарлаган. Ооганстандын Кабул шаарын Пакистандын Пешавар шаары менен байланыштырган темир жолдун курулушу 4,8 миллиард долларга бааланууда. Анын узундугу 573 чакырым болот.

XS
SM
MD
LG