Ссылки доступа

Казакстанда өлүм жазасы жокко чыгарылды


Казакстандагы түрмө
Казакстандагы түрмө

Казакстандын Сенаты 23-декабрда өлүм жазасын жокко чыгарган мыйзам кабыл алды. Тиешелүү өзгөртүүлөр киргенден кийин өлүмгө өкүм кылынгандардын жазасы өмүр бою эркинен ажыратууга алмаштырылат.

Казакстандын кылмыш кодексинде 17 берене боюнча өлүм жазасы каралган эле. Тактап айтканда мындай жазага террорчулукка баргандар, президенттин жана тунгуч мамлекет башчы Нурсултан Назарбаевдин өмүрүнө кол салууга аракеттенгендер жана согуш маалында өзгөчө оор кылмыштарга баргандар тартылчу. Анткен менен 2003-жылдан тартып өлүм жазасына мораторий киргизилген. Соттор өлүм жазасына өкүм кылганы менен, ал мораторий алынгандан кийин гана ишке ашмак. Акыркы жолу мындай жазага 2016-жылы Руслан Кулекбаев аттуу жаран өкүм кылынган. Ал Алматыда теракт уюштурууга айыпталган. Калаа борборундагы атышууда он киши көз жумган эле.

Өлүм жазасына мораторий КМШ мамлекеттеринин көбүндө киргизилген. Бир гана Беларуста бул жаза ишке ашып келет. 1990-жылдан бери Минскиде 400дөн ашуун айыпталуучу аттырылган.

Өлүм жазасы 58 мамлекеттин мыйзамдарында каралган. АКШда адатта иньекция аркылуу ишке ашырылат. Ал эми Кытайда өзгөчө оор кылмыштарга баргандар атууга кетет. Дүйнөдө бир гана Сауд Арабияда өлүм жазасына тартылгандардын башы алынат.

XS
SM
MD
LG