Окуя 23-декабрда Павлодар облусундагыЕфремовка менен Даниловка айылдарынын ортосундагы трассада болгон. Аймактагы билим башкармалыгынын маалыматына караганда, өрт чыккан учурда микроавтобуста алты окуучу менен жетекчиси жана айдоочу болгон. Алар автобустан чыгып кетүүгө үлгүрүшкөн. Андан соң окуучулар үйлөрүнө жеткирилген.
Интернетте жарыяланган видеодо автобустун күйүп жатканын көрүүгө болот.
Өзгөчө кырдаал департаментинин басма сөз кызматынын кабарлашынча, куткаруучулар келгенден кийин өрт өчүрүлгөн. Алдын ала маалымат боюнча автобустагы электр зымдарынан от тутанып, өрт чыккан.
9-декабрда Актау шаарында ондогон бала отурган автобус өрттөнгөн. Эч ким жабыркаган эмес. Балдарды автобустан түшүрүүгө жолоочулар көмөктөшкөн.