Ссылки доступа

Казакстан Ооганстанга ун экспорттоону улантат


Казакстан Ооганстан менен соода жүгүртүү көлөмүн көбөйтүүгө кызыкдар. Бул тууралуу Казакстандын соода жана интеграция министри Бахыт Султанов 25-декабрда Кабулда "Талибан" кыймылы түзгөн ооган өкмөтүнүн өкүлдөрү менен жолукканда билдиргенин ал башкарган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, министр Бахыт Султанов жетектеп барган казак делегациясы Нур-Султан Ооганстанга ун жана дан азыктарын экспорттоону улантууга жана ал жактан жер-жемиштерди сатып алууга даяр экенин билдирген.

Ооганстанга бир жылда керектеген ундун жалпы көлөмүнүн басымдуу бөлүгү Казакстандан барат. Казакстандын өзүндө өндүрүлгөн ундун жарымына жакыны жана дан эгиндеринин 10% ооган рыногуна багытталган.

Казакстандын Соода жана интеграция министрлигинин маалыматына ылайык, 2021-жылдын январь-октябрь айларында Ооганстан менен соода жүгүртүүнүн көлөмү 345 миллион долларды түзгөн. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 27,5% төмөн.

"Талибан" кыймылы Ооганстанда бийликти басып алгандан бери казак өкмөтүнүн өкүлдөрү талиб жетекчилери менен бир нече жолу жолугушту. Министр Султанов баштаган бул жолку делегация талиб өкмөтүндөгү премьер-министрдин орун басары Абдула Салам Ханафи, тышкы иштер министр Амир Хан Муттаки жана соода министринин милдетин аткаруучу Нуриддин Азизи менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Видео

Видео

Элмирбексиз эки жыл
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:13:19 0:00
XS
SM
MD
LG