Ссылки доступа

Түркмөнстан 150 миллион долларлык насыя келишимине кол койду


Эл аралык ислам соода жана каржы корпорациясы (ITFC) түркмөн өкмөтү менен 150 миллион доллар суммага бааланган келишимге кол койду. Бул тууралуу TradeArabia маалымдады.

Келишимде күнүмдүк керектелүүчү товарларды импорттоо тармагында кызматташуу, айыл чарба жана текстиль өнөр жайын колдоо, жеке секторду каржылоо каралган.

Келишим Түркмөнстандын Эл аралык ислам соода жана каржы корпорациясынын мүчөлүгүнө жазган арызы кабыл алынгандан кийин түзүлгөн. Ашхабад уюмга сентябрда – корпорациянын Башкы ассамблеясынын жыйыны учурунда арыз берген.

Ислам өнүктүрүү банкы жакында деңиз транспорт системасын өнүктүрүү долбоору үчүн Түркмөнстанга 90,15 миллион доллар грант берүүнү чечкен.

Каражат Түркмөнбашы шаарындагы эл аралык деңиз порту менен улуттук флотту өнүктүрүүгө жумшалат.

Видео

Видео

Элмирбексиз эки жыл
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:13:19 0:00
XS
SM
MD
LG