Ссылки доступа

Садыр Жапаров КМШ өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышат


Президент Садыр Жапаров 28-декабрда КМШ өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарына барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, жолугушууга Беларустун, Азербайжандын, Казакстандын, Орусиянын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын президенттери, ошондой эле Армениянын премьер-министри катышат деп күтүлүүдө.

Орусия президентинин сайтында КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын салттуу бейформал жолугушуусу Владимир Путиндин демилгеси менен өтө турганы жазылган. Адатта лидерлер мындай жолугушууларда жыл жыйынтыгын чыгарып, сүйлөшүүлөр бейформал форматта өтөт.

XS
SM
MD
LG