Ссылки доступа

Өзбекстанда мас абалында автоунаа айдагандарды 15 суткага камоо сунушталды


Өзбекстандын мас-медианы колдоо боюнча коомдук фондунун камкордук кеңешинин башчысы Комил Алламжонов мас абалында автоунаа айдагандарды 15 суткага камоону сунуштады.

«Мен автомобилдерди мас абалында айдаган айдоочуларды 15 суткага камоону жана айдоочулук укуктан ажыратууну сунуштайм», - деп жазды ал өзүнүн Telegram-каналына.

Алламжоновдун айтымында, жол кырсыгынан миңдеген кишилердин өлүп жатканын эске алуу менен бул абалды өзгөчө маанидеги маселе деп жарыялоо зарыл.

Өзбекстандын азыркы мыйзамдарына ылайык, мас абалда транспорт каражаттарын башкарган айдоочулар 1,5 жылдан 3 жылга чейин айдоочулук күбөлүктөн ажыратылып, 25 базалык эсептик көрсөткүчтө айып пулга жыгылат.

Айдоочулук күбөлүгү жок ушундай эле жорукка барган киши 40 базалык эсептик көрсөткүч айып пулга жыгылат же 15 суткага административдик камакка алынат.

Kомил Алламжонов бир нече жыл мурун айдоочулукка үйрөткөн «Автотест» компаниясын негиздеген. Быйыл ал жабылып калган.

XS
SM
MD
LG