Ссылки доступа

Тажикстан 2022-жылы Ооганстанга электр кубатын жеткирүүнү улантат


Ооганстандын «Брешна» компаниясы менен Тажикстандын «Барки точик» энергохолдинги 2022-жылы Ооганстанга электр кубатын жеткирүү боюнча келишимге кол коюшту.

Ооган компаниясынын расмий сайты кабарлагандай, тиешелүү келишимге компаниянын башкы директору Хафиз Мухаммад Амин баштаган делегациянын Тажикстандагы эки күндүк сапары учурунда жетишилген.

Сүйлөшүүлөр качан жана кайсы жерде болгону айтылган эмес. Тажикстан Ооганстанга канча көлөмдө электр кубатын жеткире турганы да беймаалым.

«Барки точик» компаниясы ооган тарап менен түзүлгөн келишим боюнча кийинчерээк комментарий берерин билдирди.

Тажик өкмөтү жыл башынан берки 11 айдын ичинде 93,5 миллион доллардык электр энергиясын экспорттоду. Бул былтыркы көрсөткүчтөн 40,5 миллион долларга көп.

Кабулду талибдер басып алгандан кийин тажик бийлиги бул кыймылды бардык этникалык топтордун, анын ичинде ооган тажиктеринин катышуусунда инклюзивдүү өкмөт түзүүгө чакырган.

«Талибан» өкүлдөрү Тажикстанды Ооганстандын ички ишине кийлигишпөөгө үндөп, бул эки өлкөнүн тең кызыкчылыгына туура келбей турганын билдирген.

XS
SM
MD
LG