Ссылки доступа

Темиртау шаарындагы иликтөө: бир жашоочуга 4 кг зыяндуу зат туура келет


Казакстанда экологдор Темиртау шаарындагы абанын сапатын иликтөөнүн жыйынтыктарын жарыялады. Иликтөө жашоочулар бир нече жылдан бери “кара” кар жаап, булганган аба жагымсыз жыттанып жатканына даттангандан кийин жүргүзүлдү.

АКШнын чакан гранттар программасынын колдоосунун негизинде ишке ашкан иликтөө 2021-жылды толугу менен камтыды.

Иликтөөнүн авторлору «Казгидрометтин» маалыматтарын эске алуу менен 2021-жылы Казакстан боюнча Темиртау шаары атмосферанын булганышы боюнча биринчи орунга чыкканын жазышты. Бир жыл мурун шаар бул көрсөткүч боюнча үчүнчү орунда болгон.

Шаар тургундарынын негизги бөлүгү абада уулуу заттар нормадан жогору тараган райондордо жашайт. Жылына 255 миң тонна зыяндуу ис бөлүнүп чыккан. Бул бир күндө Темиртау шаарынын ар бир жашоочусуна 3, 74 килограмм уулуу зат туура келет дегенди билдирет.

Экологдор абада оор, уулуу металлдар, ыш, чаң, темирдин аэрозолу, көмүртектин оксиди, азоттун жана күкүрттүн диоксиди, фенол менен аммиак, күкүрт водороду жана органикалык уулуу заттар бар экенин аныкташты.

Өзгөчө күкүрт водороду (сасыган жумуртка жыттуу газ), күкүрттүн диоксиди жана азоттун диоксиди өтө көп өлчөмдө бөлүнүп чыгып жатканы белгилүү болду.

— Биз Темиртау шаарында чаңдын 80 пайызы темирден турарын аныктадык. Мындан тышкары Темиртау жана башка региондордо калк арасындагы оорулардын 16 жылдагы статистикасын таптык жана салыштырдык: жүрөк-кан тамыр оорулары боюнча Темиртау Казакстандын ичинен эң жогору, онкологиялык илдеттер боюнча Караганды менен бир деңгээлде турат. Биз диаграммаларды даярдадык. Эгер шаарда чаңдын концентрациясын жок дегенде 10 пайызга азайтсак, калк азыраак ооруп, 4-5 жылга көбүрөөк жашайт, — деди көз карандысыз эксперт Айгүл Маликова.

Абага зыяндуу заттарды чыгаруу боюнча «АрселорМиттал Темиртау» металлургиялык комбинаты алдыда турат. Калк жашаган аймактарды булгагандардын тизмесинде 22 ишкана бар.

Экологдор жашыл зоналарды көбөйтүүнү, зыяндуу заттарды бөлүп чыккан ири объектилерге онлайн режимде көз сала турган датчиктерди орнотууну, аймакта кайра калыбына келе турган энергия булактарынын үлүшүн көбөйтүүнү сунушташууда.

Видео

Видео

Элмирбексиз эки жыл
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:13:19 0:00
XS
SM
MD
LG