Ссылки доступа

Казакстанда журналисттер декреттик төлөмдөрдү толук кайтарып берүүнү өтүнүүдө (видео)


В Казахстане вышли на протесты журналистки частных СМИ: они считают, что им недоплатили пособия
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:40 0:00

Нур-Султанда жеке ЖМКлардын журналист кыз-келиндери митингге чыгышты. Мамлекеттик эмес бир нече басылманын кабарчылары аткаминерлер алардын маңдай тер менен тапкан декреттик төлөмдөрүнөн ажыратканын билдиришти.

Казакстан өкмөтү 2020-жылы пандемия маалында жеке ЖМКларды милдеттүү социалдык төлөмдөрдөн бошоткон. Бул компанияларды каржылай жактан колдоо үчүн кабыл алынган: пандемия учурунда көбүнүн жарнамалык кирешелери төмөндөп кеткен.

Локдаун бүткөндөн кийин бул ЖМКлардын бир нече журналисти декретке чыгып, социалдык төлөмдөр жүргүзүлбөгөндүктөн, алардын декреттик акчасы дээрлик үч эсеге кыскарганын аныкташкан.

"Бул мыйзам боюнча бизди салыктан жана пенсия төлөмдөрүнөн бошотушкан. Кийин биз декретке чыкканда система ушул төрт ай ичинде бизди иштеген жок деп эсептегенин билдик. Биздин төлөмдөрүбүз кыскарды. Кээ бириники 400 миң теңгеге (900 доллардан ашык), кээ бириники 700 миң теңгеге (1600 доллар) азайган. Ошондуктан биз сүйлөшүү үчүн бул жерге келдик", – деди журналист Жадыра Агайдар.

Журналисттер бул маселени алгач жазында эле көтөрүп чыгышкан. ЖМКларды көзөмөлдөгөн Маалымат жана коомдук өнүгүү министрлиги маселени чечүү үчүн убакыт керектигин билдирүүдө.

"Бул чечиле турган маселе. Биздин министрлик "кайрымдуулук жөнүндө" мыйзам долбоорун сунуштады, ал азыр парламентте. Ал жерде бул маселе толугу менен такталат", – ​деди Каныбек Жумашев.

Видео

Видео

Элмирбексиз эки жыл
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:13:19 0:00
XS
SM
MD
LG