Ссылки доступа

Алматыда 13 активистти колдогон кишилер шаардык соттун имаратына чогулушту


28-декабрда Алматыда 50дөн ашуун киши шаардык соттун имаратынын алдына топтолушту. Алар аппеляциялык доо арызы каралып жаткан 13 активистти колдоп, алардын өтүнүчүн канааттандырып, толугу менен актоону талап кылышууда.

Октябрда 13 активист тыюу салынган уюмдун ишине катышты же мындай уюмдарды уюштурду деген айып менен соттолгон. Төрт киши түрмө жазасын алган.

Соттолгондор, алардын тарапташтары жана укук коргоочулар алар жарандык активдүүлүгү жана саясий көз карашы үчүн куугунтукка алынып жатканын билдиришүүдө. Арызды кароо онлайн-режимде өтүүдө.

Тергөө изоляторунда отурган төрт активист сотко катыштырылган жок. Судья алардын сот залына келиши талап кылынбай турганын айткан.

Бул иш боюнча алгачкы сот жараяны 27-июлда башталган. 13 активист бийликти ачык сындап, ар кыл нааразылык акцияларына катышып жүргөн. Алардын көбү өлкөдө тыюу салынган "Казакстандын демократиялык тандоосу" жана "Көчө партиясы" кыймылдарынын ишине катышууга айыпталган.

Активисттер алгач "Экстремисттик уюм түзүү" беренеси боюнча айыпталышкан. Бул беренеде 17 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. Кийинчерээк сот ишти кайра кароого жөнөтүп, бул берене алынып салынган.

Укук коргоочуларын маалыматына караганда, учурда Казакстанда 500дөн ашуун киши жеке пикири, демократиялык өзгөрүүлөргө чакырганы үчүн ар кыл беренелер менен куугунтукталууда.

Видео

XS
SM
MD
LG