Чогулгандар "Басма сөзгө эркиндик!" жана "Репрессиялык мыйзамга жол жок!" деген ураандарды кыйкырышты.
Белгилүү иликтөөчү-журналист Хадижа Исмаилова көз карандысыз маалымат каражаттарынын ишин чектеген нормалар алынмайынча, талкууну токтотууну талап кылды.
Нааразылык акциясына чыккандар аталган мыйзам куугунтукту күчөтөрүн, бийликке журналистика менен ким алектениши керектигин аныктоого кеңири мүмкүнчүлүк берерин белгилешти.
Акция маалында полиция кызматкерлери журналисттерди курчап алып, плакаттарды тартып алышты.
Ага чейин журналисттер депутаттарга резолюцияны тапшырууга үлгүрүшкөн. Анда "журналисттердин реестрин түзүү жана башка аракеттер Конституцияны жана Европанын сөз эркиндиги тууралуу конвенциясын бузары" жазылган.