Ссылки доступа

Рахмон төртүнчү жолу Тажикстандын Улуттук олимпиада комитетинин төрагасы болуп шайланды


Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон төртүнчү жолу катары менен өлкөнүн Улуттук олимпиада комитетинин төрагасы болуп шайланды. Мындай чечим аталган комитеттин башкы ассамблеясынын 28-декабрда өткөн жыйынында кабыл алынды.

Улуттук олимпиада комитетинин төрагасы төрт жылдык мөөнөткө — 2024-жылга чейин шайланды. Комитет жетекчилигине Эмомали Рахмон жалгыз талапкер болду. Ал буга чейин бул кызматка 2009чу, 2013чү жана 2017-жылдары да шайланган эле.

Тажикстандын жаштар иштери жана спорт боюнча комитетинин төрагасы Абдулло Рахмонзода менен Тажикстандын жеңил атлетика федерациясынын төрагасы Дилшод Назаров Улуттук олимпиада комитетинин вице-президенттери болуп шайланса, Мухаммадшо Абдуллозода комитеттин башкы катчысы болуп тандалды.

Маалыматка караганда, Башкы ассамблеянын жыйынында Улуттук олимпиада комитетинин 2017-2021-жылдар аралыгында аткарган иштери боюнча отчёт да угулду. Анда бул жылдары тажикстандык спортчулар Ислам тилектештик оюндарында үч коло медаль, Имарат ичиндеги жана таймаш өнөрлөрү боюнча Азия оюндарында 51 медаль (үч алтын, 14 күмүш, 34 коло) жана Азия оюндарында жети медаль (төрт күмүш, үч коло) алганы белгиленген.

Ошол эле маалда өлкө спортчулары Токиодо өткөн жайкы Олимп оюндарында медаль ута алышкан эмес. Муну менен Тажикстан мурдагы советтик мамлекеттердин ичинен акыркы Олимпидада бир да медаль албаган жалгыз өлкө болуп калды.

XS
SM
MD
LG