Ссылки доступа

Казакстанда 13 активистке карата чыккан сот өкүмү өзгөртүүсүз калтырылды


Алматы шаардык сотунун кылмыш иштери боюнча апелляциялык коллегиясы тыюу салынган уюмдун ишине "катышкан" же мындай уюмдарды "уюштурган" деген айып менен соттолгон 13 активисттин арызын канааттандырган жок.

Соттук коллегия биринчи баскычтагы сот айыпталуучулардын күнөөсүн толугу менен далилдеген деп тапты.

Адвокат Галым Нурпеисовдун айтымында, сот алардын жүйөлөрүн эске алган жок. Жактоочулар соттун көңүлүн 2020-жылы активисттер тобу "Көчө партиясы" кыймылына тыюу салуу тууралуу чечимди жокко чыгаруу боюнча сотко кайрылганына бурдурууга аракет кылышты. Бирок сот арыз жазган демилгелүү топтун мүчөлөрүнүн "ал ишке тиешеси жок экенин" билдирип, алардын өтүнүчүн четке какты.

"Биз сотко "анда кыймылга тыюу салуу тууралуу чечимди мыйзамсыз деп таап, жокко чыгаргыла" дедик. Бирок сот аны да көңүлгө алган жок", - деди адвокат.

Нурпеисов жактоочулар улуттук жана эл аралык деңгээлдеги бардык сот баскычтарына кайрылууга даяр экенин кошумчалады.

Быйыл 11-октябрда Алматынын Алмалы райондук сотунун чечими менен Абай Багимбетов, Асхат Жексебаев, Кайрат Клышев жана Ноян Рахимжанов беш жылга соттолгон. Дагы тогуз активисттин эркиндиги бир жылдан эки жылга чейинки мөөнөткө чектелген. Мындан тышкары сот аларга социалдык түйүндөрдү колдонуу менен коомдук-саясий ишмердүүлүк менен алектенүүгө үч жылдан беш жылга чейин тыюу салган. Активисттер айыптоолорду четке кагып, апелляциялык сотко кайрылышкан. Алар өлкөдө тыюу салынган "Казакстандын демократиялык тандоосу" жана "Көчө партиясы" кыймылдарынын ишине катышууга айыпталган.

Укук коргоочуларын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө Казакстанда 500дөн ашуун киши жеке пикири, демократиялык өзгөрүүлөргө чакырганы үчүн ар кыл беренелер менен куугунтукталууда.

XS
SM
MD
LG