17 жаштагы өзбек шахматчысы Нодирбек Абдусатторов Магнус Карлсен, Ян Непомнящий жана башка гроссмейстерлерди утуп, таажыны алды.
Чечүүчү тай-брейкте жаш шахматчы орусиялык Ян Непомнящийди 1,5:0,5 эсебинде утуп, чемпион титулуна ээ болду.
Өзбекстан президентинин маалымат катчысы Шерзод Асадов өзүнүн Telegram-каналында Шавкат Мирзиёев Нодирбек Абдусатторовдун мелдешин онлайн режимде көргөнүн жазды.