Ссылки доступа

Түркмөнстан өлкөдөн чыгуу эрежелерин катаалдаштырат


Түркмөнстан эл аралык каттамдар үчүн жаңы чектөө киргизүү маселесин карап жатат. Бул тууралуу “Азаттык” Түркмөнстандын Мамлекеттик миграция кызматындагы өз булагына таянуу менен билдирди.

“2022-жылдан бери жашы жете элек балдары бар жарандардын, иш же туризм болобу, чет өлкө сапарларына тыюу салынат. Миграциялык кызмат тиешелүү тапшырма алды”, - деди ал.

Түркмөнстанда ансыз деле 1,5 жылдан бери коронавирус пандемиясына байланыштуу эл аралык сапарларга чектөө киргизилген. Мындан ары да чектөөлөр күчөтүлө турганы айтылууда.

“Мындан тышкары үч муундагы туугандары сот жообуна тартылган кишилер да чет өлкөгө чыга албайт”, - деп кошумчалады миграция кызматынын өкүлү.

Экономикалык кыйынчылыктарга байланыштуу Түркмөнстанда чет өлкөгө иш издеп кеткен жарандардын саны көбөйүүдө.

Айрым маалыматтарга караганда, акыркы он жылда Түркмөнстандан 1,9 миллион киши чыгып кеткен.

XS
SM
MD
LG