Ссылки доступа

Казакстанда аткаминерлерге такси айдоого уруксат берилиши мүмкүн (видео)


В Казахстане чиновникам хотят разрешить подрабатывать в такси. Это законно?
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:05 0:00

Казакстандын Мамлекеттик иштер боюнча агенттигинин башчысы Анар Жаилганова жакында казакстандык аткаминерлерге кошумча акча табууга, маселен, такси айдоого уруксат берилерин билдирди.

Анын айтымында, бул аткаминерлердин үй-бүлөлүк бюджетин толтуруу үчүн жасалууда. Казакстанда мамлекеттик аппараттын кызматкери орточо 180 миң теңге (400 доллар) табат. Бул Нур-Султан же Алматыда жашоо үчүн жетпейт. Жогорку кызматтагы аткаминерлердин кирешеси жогору, эки миллион теңгеге (4,5 миң доллар) чейин барат.

Ушул тапта аткаминерлер негизги жумушу менен катар сабак берүүгө, илимий же чыгармачыл иш менен алектенүүгө укуктуу, мыйзам тыюу салбайт. Бирок алар бизнес менен алектене алышпайт.

Анар Жаилганова таксист болуп иштөө – бизнес эмес деп эсептейт.

“Кеп ишкерлик жөнүндө болуп жаткан жок. Биз кошумча акча табуу жөнүндө айтып жатабыз”, - деп түшүндүрдү ал.

Бул демилге азыр эле сынга кабылды. Юридикалык кеңешчилер палатасы эгер аткаминер такси айдаса, ал ишкер болуп эсептеле турганын жана салык органдарынын каттоосунан өтүшү керектигин эскертет.

XS
SM
MD
LG