Ссылки доступа

Тажикстанда "Мадина иши" боюнча айыпталган Азиза Давлятова 11 жылга соттолду


Азиза Давлятова (солдо) и Мадина Мамажонова (ондо)
Азиза Давлятова (солдо) и Мадина Мамажонова (ондо)

Тажикстандын Жогорку соту “Мадина иши” боюнча Азиза Давлятованы 11 жылга эркинен ажыратып, мунапыс мыйзамы менен бул мөөнөттүн бир жылын кыскартты.

Ал коомдук Мадина Мамажонованы сабоого айыпталган. Мадина дээрлик төрт ай комада жатып, 15-декабрда каза болгон.

Жогорку соттун өкүмү 28-декабрда чыкты. Азиза Давлятова менен Мадина Мамажонованын жакындары өкүм боюнча комментарий берише элек. Сот жараяны жабык режимде өткөн.

Азиза Давлятованын күйөөсү Парвиз Давлятов 14-декабрда сегиз жылга эркинен ажыратылып, мунапыс мыйзамынын негизинде жазасы беш жыл эки айга кыскартылган. Парвиз Давлятов “кош никелүүлүк”, “сабоо”, “өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүүгө” айыпталган.

32 жаштагы Мадина Мамажонова быйыл 25-августта кыйноонун белгилери менен эс-учун жоготкон абалда ооруканага жеткирилген.

Буга чейин жарандык активисттер шектүүлөргө карата мунапыс колдонулуп, алар жазаланбаганына нааразылык билдиришкен. Жарандык коом өкүлдөрү бул ишти өз көзөмөлүнө алуу талабы менен Душанбенин мэрине, ички иштер министрине жана башкы прокурорго кайрылышкан.

1-ноябрда өлкөнүн Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы Мадина Мамажонованы ур-токмокко алууга тиешеси бар адамдарга каршы кылмыш иши козголгонун билдирген. Бир нече күндөн кийин шектүүлөргө мунапыс тууралуу чечим чыгарып берген Душанбе шаарынын прокурорунун биринчи орун басары менен Сино-2 райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары иштен алынган.

Мадина Мамажонованын артында 11 жаштагы кызы калды.

XS
SM
MD
LG