Ссылки доступа

Жогорку Кеңештин VII чакырылышы ишин баштады


Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары 29-декабрда ант берди. Жаңы парламенттин отурумун шайланып келген депутаттардын эң улуусу, "Ынтымак партиясынан" Шарапаткан Мажитова ачты.

№30 Ысык-Ата округунан депутат болуп шайланган Акбөкөн Таштанбеков ант берген жок. Аны Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) "Улут аралык жана аймак аралык кастыкты козутуу" беренеси менен айыптап камакка алган. БШК сот чечими жоктугуна байланыштуу Таштанбековду депутат кылып каттаган.

Парламентке бир мандаттуу 36 округдан 34 депутат, партиялык тизме менен 54 эл өкүлү шайланды. Бишкектеги бир мандаттуу Биринчи май жана Свердлов округдарында 27-февралга кайра шайлоо дайындалган.

28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоодо алты партия 5% босого чектен өткөн. Алар – “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак”, “Альянс”, “Бүтүн Кыргызстан” жана “Ыйман Нуру” партиялары. Парламентте мурдагыдай 120 эмес, 90 депутат болот.

XS
SM
MD
LG