Ссылки доступа

Ташкент облусунда нааразы фермерлер жол тосушту (видео)


27-декабрда Ташкент облусунун Букин районунда 50дөй фермер пахтаны кайра иштетүүчү заводго кире бериш жерде жол тосту.

Фермерлер муну менен пахта үчүн акча төлөнбөй жатканына нааразылык билдиришти.

«АПК Бока» кластеринин өкүлү фермерлерге келип, 31-декабрга чейин келишимде каралгандай пахта үчүн акча төлөп берүүгө мүмкүндүк жок экенин айтты. Дыйкандар район башчысына кайрылышты, бирок аким да аларга жардам берген жок.

«АПК Бука» кластеринин башчысы Ахрор Душабоев 31-декабрга чейин насыя алып, фермерлердин акчасын төлөп берүүгө аракет жасай турганын билдирди.

Фермер Шухрат Абдугаффоровдун айтымында, кластер аларга 360 млн сум (32 миң доллар) карыз. Атын атабоону сураган башка бир дыйкан «АПК Бока» кластеринен 30 миллиондон 1,5 млрд сумга чейин ($27,6 миң - $138 миң) аласасын доолап жүргөндөр бар экенин билдирди.

Өзбекстанда кластерлерге байланыштуу маселе системалуу мүнөзгө айланып баратат. Алар фермерлер алдындагы милдеттенмелерин аткарбай, пахта же буудай үчүн төлөмдөрдү кечиктирип келишет. Кластерлердин көбү мамлекеттен алган насыянын эсебинен иштешет.

Бўка тумани фермерлари норозилик сифатида пахта заводи дарвозасини тўсди
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:00:35 0:00

Видео

Видео

Жагымдуу жылмайган Ameca роботу
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:52 0:00
XS
SM
MD
LG