Сентябрдын аягында Европарламенттин депутаты Ружа Тун Брюсселде Марат Бекетаев менен жолугуп, ага өлкөдөгү куугунтукталган активисттер менен саясий туткундардын тизмесин тапшырган.
“Кызматташуудан баш тартпайбыз, бирок адам укугун бузгандарга санкция салууну талап кылабыз”, деп жазган ал “Твиттерге”.
Шаршембиде бул жолугушуу тууралуу министр:
– Бул кездешүү кечки сый тамак учурунда болгон, андан соң ал мага тизмени берген. Кечеде ага Казакстанда саясий туткундар жок жана болбойт деп айттым. Биздин пикирибизде, тизмедеги кишилер кылмыш жасашкан, – деди Бекетаев.
Укук коргоочуларын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө Казакстанда 500дөн ашуун киши жеке пикири, демократиялык өзгөрүүлөргө чакырганы үчүн ар кыл беренелер менен куугунтукталууда.