Расмий маалыматка караганда, 20 жана 36 жаштагы эки шектүү АКШга барууну уюштуруу үчүн Самарканд шаарынын эки жашоочусунан 30 миң доллардан талап кылган.
Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө алар аванс катары 20 миң доллар алып жаткан маалда кармалган.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча кармалгандар аларга ишенген жарандарды Кошмо Штаттарга «Өзбекстан – Түркия – Боливия – Колумбия – Мексика – АКШ» багыты боюнча жөнөтүүнү пландашкан.
«Ишенчээк жарандарга сапарга чыгуу алдында ПЦР-тесттин терс жыйынтыгы жазылган маалымкат жана 4000 доллары бар VISA-карта болушу керектиги эскертилген. Мындан тышкары ар бир өлкөдө, анын ичинде Колумбия аймагындагы Амазонка дарыясынан жана Мексикадагы токойлордон өтүүдө коштоочулардын талабын аткаруу зарылдыгы айтылган», –деп белгиленген Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын билдирүүсүндө.
Ыкчам иликтөөнүн жүрүшүндө кармалгандардын жанынан 60тан ашуун жарандын паспортторунун көчүрмөлөрү табылган.
Ушул тапта бул факты боюнча кылмыш иши козголду, тергөө амалдары жүрүүдө.