Ссылки доступа

Путин менен Байден бейшембиде телефон аркылуу сүйлөшөт


АКШ президенти Жо Байден 30-декабрда Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшөт. Буга чейин эки өлкөнүн делегациялары коопсуздук кепилдиктери боюнча толук кандуу сүйлөшүүнү жаңы жылдык эс алуудан кийин уюштурууга макулдашкан.

Бул тууралуу CNN АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Эмили Хорнго шилтеме берүү менен билдирди.

Телефондук сүйлөшүүнү Орусия президенти сураганы белгиленген. Эмили Хорндун айтымында, Байден макул болгон, себеби “иш Орусияга келгенде, лидерлер ортосундагы түз диалогду алмаштыра турган нерсе жок деп эсептейт”.

ТАСС агенттиги Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитирий Песков телефондук сүйлөшүү боло турганын тастыктаганын жазды.

17-декабрда орус бийлиги коопсуздук кепилдиги боюнча сунуштар камтылган эки долбоорду жарыялаган. Документтин бири НАТОго, экинчиси АКШга багытталган. Москва НАТОдон Чыгышты карай кеңейүүдөн, тактап айтканда уюмга мурдагы советтик республикаларды кошуудан баш тартууну жана ал аймактарга аскердик базалардын жайгаштырбоону талап кылган.

АКШ бийлиги Орусия Украинанын суверенитеттүүлүгүнө кайрадан зыян келтирүүгө аракет жасаса, Москва өтө оор санкцияларга кабыла турганын эскерткен. Ошол эле маалда Байдендин администрациясы Орусия менен сүйлөшүүлөргө даяр экенин билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG