Тажикстан өкмөтү менен «Зарафшон» биргелешкен ишканасы алтын менен жезди комплекстүү түрдө бөлүп ала турган жез-алтын концентратын өндүрө турган металлургиялык заводду курууну пландоодо. Маалыматка караганда, жаңы ишкана Пенжикентте салынат. Келишимдин башкы максаты – жез менен алтын концентратын Тажикстандын ичинде өндүрүү.
Келишимге ылайык, заводду куруу үчүн 117 миллион доллар бөлүнөт, Тажикстан өкмөтүнүн үлүшү 30 пайызды, биргелешкен ишкананыкы 70 пайызды түзөт. Металлургиялык заводдун курулушу 2023-жылдын аягында бүтөрү күтүлүүдө. Ишкана жылына 165 мин тонна концентрат өндүрөт.
Бул арада Пенжикент жашоочулары «Зарафшон» ишканасы кура турган завод экологияга терс таасирин тийгизерин айтып, кабатыр болуп келишет.