Ссылки доступа

Самарканддык активист соцтармактагы репост үчүн кармалды


Эколог Руслан Хаирнуров
Эколог Руслан Хаирнуров

Өзбекстандын Самарканд шаарында активист Руслан Хайрнуров социалдык түйүндөрдөгү комментарийди бөлүшкөнү үчүн "жалган маалымат таратуу" айыбы менен кармалды. Бул маалыматты шаардык ички иштер башкармалыгы ырастады.

Маалыматка караганда, 54 жаштагы Хайрнуров "Мададкор" маалесинин инспекторунун иш бөлмөсүнө профилактикалык сүйлөшүү үчүн 27-декабрда чакырылгандан кийин кармалган.

"Самаркандды сактайбыз" деген демилгелүү топтун мүчөсү Хуйрнуровдун жакындары ал акыркы айларда "мыйзам бузган" жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө каршы ишмердүүлүк менен алектенип жүргөнүн билдирүүдө.

"Эзгулик" укук коргоо уюмунун активисти Мирзо Субхановдун айтымында, Хайрнуровду кармоо учурунда бир катар мыйзам бузуулар болгон. Ал бул берене боюнча алдын ала камакка алуу мыйзамсыз экенин, Хайрнуров коомдук ишмердүүлүгү үчүн кармалганын билдирди.

- Эң кызыгы, ал комментарийдин автору да, аны менен бөлүшкөн онго жакын башка колдонуучулар да кармалган жок. Хайрнуров Зарафшан улуттук паркын коргоо иштерине катышып жүрөт. Январдан тартып Өзбекстан Самаркандда курулбай калган таштандыны кайра иштетүү заводу үчүн алынган насыяны төлөй баштайт. Ал Франциянын өнүгүү агенттигинин каражатына курулушу керек болчу. Бирок курулган жок, болгону таштанды ташый турган автоунаалар алынды. Андай техника Самарканддын өзүндө өндүрүлүп жатканына карабастан, Кытайдан сатып алынууда. Хайрнуров бул боюнча эки жумадан бери иликтөө жүргүзүп жаткан. Ошондуктан анын кармалышын коомдук ишмердүүлүгү менен байланыштырып жатабыз", - деди Субхонов.

Жакындарынын айтымында, Хайрнуров Самарканддагы тергөө абагынан Каттакургандагы №7 тергөө абагына которулду. Анын иши Жаңы жылдан кийин каралат деп күтүлүүдө.

2020-жылдын башында Маалымат жана массалык коммуникациялар агенттигинин ошол кездеги директору Комил Алламжанов ушак жана кемсинтүү үчүн эркинен ажыратуу сунушталган мыйзам долбоору даярдалганын билдирген. Ошол эле жылы январда документ талкуу үчүн токтом долбоорлорунун порталына жарыяланган.

XS
SM
MD
LG