Ссылки доступа

Түркмөнстанда кайрадан беткап тагынбай жүргөндөрдү аныктоо боюнча рейддер башталды


Түркмөнстандын түштүк-чыгышында жайгашкан Мары шаарында кайрадан коомдук жайларда беткап тагынбай жүргөндөрдү аныктоо боюнча рейддер башталды. Бул тууралуу "Азаттыктын" түркмөн кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, полиция кызматкерлери акыркы эки күндөн бери базарлар менен көчөлөрдү кыдырып, беткапсыз жүргөндөрдү кармап, айып пул салууда.

"Базарларда адамдардын көбү суу ичүү же чылым чегүү үчүн беткаптарын төмөн түшүргөндө кармалып калып жатышат. Алар алгач эки жагын карап, сактанганына карабастан, штаттык кийимчен укук коргоо кызматкерлери дароо келип, акча талап кылууда. Алгач 50 манат сурашат, айрым учурларда 20 манатка макул болуп кетишет", - деп билдирди жергиликтүү тургундардын бири.

Бийлик Түркмөнстанда коронавирус жуктурган бир да учур жок экенин билдирип жатканы менен өлкө жарандары коомдук жайларда беткап тагынып жүрүүгө милдеттүү. Мындай талап 2020-жылдын июль айында, өлкөгө Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлдөрү келип кеткенден кийин киргизилген.

Түркмөнстанда буга чейин коронавирус жуктургандар кыйла көп экени, алардын ичинде өкмөттөгү аткаминерлер, маданият ишмерлери жана чет өлкөлүк дипломаттар бар экени айтылып келген. "Азаттыктын" түркмөн кызматы өзүнүн ишенимдүү булактарына таянып, Түркмөнстанда пандемия башталгандан бери коронавирустан 25 миңден ашык бейтап каза болгонун кабарлаган.

XS
SM
MD
LG