Ссылки доступа

Өзбекстанда Мирзиёев жакында эле барып кеткен аймактын тургундары айлыктар кечиктирилип жатканына даттанууда


Шавкат Мирзиёев Uzbekistan GTL заводунун ачылышында

Өзбекстандын Кашкадарыя облусундагы бюджеттик мекемелердин кызматкерлери декабрь айы үчүн эмгек акылары бериле электегине даттанып жатышат.

Алардын айтымында, мындан улам тургундардын көбү жаңы жылдык дасторкон даярдоо үчүн карызга акча алууга аргасыз болушкан.

– Чиракчин районундагы мугалимдерге дагы деле айлык бериле элек. Жаңы жылга азык-түлүктү карызга алдык. Мектептен биздин аймакка президенттин келгенине байланыштуу чыгымдар көп болгонун, мындан улам маяна Жаңы жылдан кийин бериле турганын айтышты, — деди аймактагы мугалимдердин бири.

"Озодлик" радиосуна декабрь айы үчүн айлык бериле электигин Кашкадарыя облусунун башка райондорундагы бюджеттик кызматкерлер да ырастады.

Nasafnews.uz басылмасы Telegram-каналында облус тургундарынын арасында сурамжылоо жүргүзүп, жыйынтыгында ага катышкан 415 адамдын 95% декабрдын айлыгын ала электигин билдиришкен.

Кашкадарыя облустук каржы башкармалыгынын өкүлү айлык төлөп берүүдө маселе болуп жатканын жашырууга аракет кылды.

– Бардык мекемелер кызматкерлерине айлыктын бир бөлүгүн төлөп беришкен. Калган каражат 1-2 күндүн ичинде келип түшөт. Облуста айлык төлөөдө эч кандай маселе жок, — деди ал.

Бирок аталган мекемеге жакын өз булак айлыктар облустук казынада каражат жок калганына байланыштуу төлөнбөй жатканын билдирди.

– Жакында эле президент биздин облустагы Uzbekistan GT заводунун ачылуу аземине катышып кетпедиби. Ага бир айдан ашык убакыт даярдык көрүшкөн. Ага чейин президенттик шайлоого байланыштуу да чыгым болгонбуз. Андан соң облуска 44 өлкөнүн элчилери келип, алардын катышуусунда аймактарда көптөгөн жолугушуулар уюштурулган. Мунун баары чыгым да. Айлык төлөп берүүдө маселе болору алдын ала эле белгилүү болчу. Ошондуктан облус башчысы декабрдын ортосунда эле бюджеттик мекемелердин кызматкерлерине өз убагында айлык төлөнүшү керек экенин айткан. Менин оюмча, жакынкы эки жуманын ичинде бюджетте иштегендерге айлык берилбейт, – деди булак.

25-декабрда өлкө президенти Шавкат Мирзиёев Кашкадарыя облусундагы Гузар районуна барып, дээрлик 4 миллиард долларга бааланган Uzbekistan GTL аттуу синтетикалык суюк отун өндүрүүчү заводдун ачылышына катышкан.

Расмий маалыматтар боюнча заводдун кайра иштетүү кубаттуулугу жылына 3,6 миллиард куб метр жаратылыш газын түзөт. Бул өлкө калкы бир жыл ичинде керектеген газдын үчтөн бир бөлүгү болот.

Видео

Видео

Элмирбексиз эки жыл
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:13:19 0:00
XS
SM
MD
LG