Душанбе шаарын өлкөнүн түндүк бөлүгү менен байланыштырып турган жалгыз автоунаа жолунун 52-чакырымынан тартып кардын калыңдыгы 1 метрге жетүүдө.
"Азыр жол жүк унаалары жана чиркегичтери бар автоунаалардан башка транспорттун бардык түрлөрү үчүн ачык. Мындай чектөө унаа тыгындары жаралбашы үчүн киргизилди", - деп билдирди компаниянын өкүлү.
Жүк ташуу унаасынын айдоочусу Комил Пирназаров бир суткадан ашык убакыттан бери жолдун ачылышын күтүп жатканын билдирди.
"Бизди эч кандай шарты жок жерде токтотуп коюшту. Трасса жабылат деп алдын ала айтып коюшса жол жээгиндеги кафелердин бирине токтоп күтөт элек. Азыр тамактануу үчүн жеңил автоунаалар менен башка жерлерге барып келүүгө аргасыз болуп жатабыз" – деди ал.
Азырынча IRS компаниясынын өкүлчүлүгү мындай сын-пикирлерге жооп бере элек. Буга чейин компания өкүлдөрү жүк ташуучулар ысык тамак менен камсыз кылынарын билдиришкен.
Бүгүнкү күндө жолду кардан тазалоо иштери уланууда.
1-январдан тартып IRS компаниясы тейлеген Душанбе-Хожент-Чанак автоунаа жолу аркылуу жүрүүнүн тарифтери өзгөргөн. Буга сомонинин АКШ долларына карата 2,5 эсеге девальвацияланышы себеп болгону айтылган. Бүгүнкү күндө бул жол аркылуу Душанбеден Чанакка чейин баруунун акысы жеңил автоунаалар үчүн 89 сомонини, жүк ташыган автоунаалар менен чиркегичи бар унаалар үчүн 693 сомонини түзөт. Ошол эле маалда аталган трассага жакын жашаган тургундар үчүн 50-93 пайыздык жеңилдиктер каралган.
Innovative Road Solutions (IRS) компаниясы 2009-жылы Британ-Виргин аралдарында офшордо каттоодон өткөн. Анын Тажикстандагы өкүлчүлүгү 2010-жылдын апрель айынан бери Душанбе-Чанак автожолундагы инфраструктураны башкаруу менен алектенип келет.