Ссылки доступа

Казакстанда суюлтулган газдын кымбатташына каршы акциялар өтүүдө


Газдын кымбатташына каршы Жаңы-Өзөндөгү акция. 3-январь 2022-жыл
Газдын кымбатташына каршы Жаңы-Өзөндөгү акция. 3-январь 2022-жыл

2-январдан бери Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарында жана Мангистау облусунун бир нече айылында суюлтулган газдын кымбатташына каршы акциялар өтүүдө.

Өткөн жылы литри 50-60 теңгеден (0,11-0,14 АКШ доллары) сатылып жаткан автогаз быйыл кескин кымбаттап, литри 120 теңгеге (0,28 АКШ доллары) чейин жогорулады. Бул боюнча эксперттер менен керектөөчүлөр соцтармактарга өз пикирлерин жазып, алардын көпчүлүгү баанын жогорулашына өлкө жетекчилигин айыпташкан.

Энергетик Асет Наурызбаев Facebook баракчасына суюлтулган газ базарында баалар кантип аныктала турганын түшүндүрүп жазды. Буга чейин Казакстандын Энергетика министрлиги 1-январдан тартып суюлтулган газ боюнча соода 100% товардык биржалар аркылуу жүргүзүлө турганын билдирген.

"Соода аянтчасы кандай иштейт билесиңерби? Соода ачылары менен казакстандык базардагы брокерлер максималдуу баалар боюнча алгачкы лотту сатып алуу үчүн Enter баскычын басышат. Андан соң соода кийинкиге чейин жабылат. Ошентип, газды эң шамдагай манжалар алып кетишет. Лотторду сатып алуучулардын ортосунда туш келди бөлүштүрүү оңой болчу. Баалар жөнүндө айтсам, ал ички базар үчүн өтө аз квота бөлүнгөнүнөн улам жогорулап жатат. Квоталарды бөлүштүрүү менен албетте Энергетика министрлиги алектенет. Азыр ассоциациялардын үн катпаганы таң калтырууда, нормалдуу базар оюнчулары мындай министрликти эчак эле талап коюшмак", - деп жазды Наурызбаев.

Каржы аналитиги Андрей Чеботарёв Казакстанда суюлтулган газ эң арзан экенин жазып, билдирүүсүнө иллюстрациялык сүрөт тиркеген. Ал мындан ары өлкөдө "газ кымбаттай гана турганын" белгилеген.

"Бул бензиндин бааларына эле окшош — базарды көпкө чейин күч менен кармап турушкан. 1-январдан бери суюлтулган газ соодасынын 100% товардык биржалар аркылуу жүргүзүлүүдө. Биржалык сооданын шартында бир литрдин баасын 60 теңгеге кайтарууну талап кылуу аңкоолук" – деп жазды Чеботарёв.

@FINANCEkaz telegram-каналы Казакстан "базар экономикасынын шартында жашап жатканын, анын алкагында бааларды, болгондо да биржалык товардын баасын көзөмөлдөө мүмкүн эмес" экенин белгиледи.

3-январда бийлик газдын баасын арзандата турганы жөнүндө кабар чыккандан кийин @FINANCEkaz каналынын автору өкмөт акция катышуучуларына "баш ийип бергенине" таң калганын жазды.

"Биржада жогорулаган баалар кимдин эсебинен төмөндөтүлөт? Митингге чыккандарга арзан газ болушу үчүн өлкөнүн калган калкы акча төлөйт окшойт", - деп жазды ал.

Мангистау облусунда суюлтулган газ Жаңы-Өзөн шаарындагы "Казак газды кайра иштетүү заводунда" өндүрүлөт. Анда айына 14,5 миң тонна газ өндүрүлөт. Бул аймактагы керектөөчүлөрдүн 18 миң тонналык муктаждыгын жаба албайт.

Буга чейин жергиликтүү бийлик аталган заводдогу жабдуулардын 90% эскиргенин, жаңыланбаса ишкананын иши токтоп калышы мүмкүн экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG