Анын билдиришинче, өлкөдөгү ири объектини куруу боюнча инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бекмурзаев бул долбоорду Кыргызстан өз каражатына ишке ашырса жакшы болорун, мындай мүмкүнчүлүктөр каралып жатканын кошумчалады:
"Камбар-Ата 1" ГЭСин өз каражатыбызга салсак жакшы болмок. Биздин бетке кармай турган бир долбоорубуз жок. Оптимизация, азыркы реформалардын негизинде каражаттар үнөмдөлүп, анын баары жаңы кубаттуулук үчүн жумшалышы керек", — деди Бекмурзаев.
Министр "Камбар-Ата 1" ГЭСинин алгачкы агрегатын үч жыл аралыгында ишке киргизүүгө болорун кошумчалады.
"Камбар-Ата-1" ГЭСин куруу өткөн кылымдын 80-жылдарында эле пландалган. Ал Нарын дарыясынын жогорку жагында, Жалал-Абад облусунун аймагында курулушу керек.
2010-жылдан тартып кыргыз бийлиги долбоорду ишке ашырууну ойлоп, Орусия менен Жогорку Нарын ГЭСтер каскады жана "Камбар-Ата 1" боюнча келишимге кол коюлган. Бирок бул долбоор ишке ашырылбаганы үчүн кыргыз тарап келишимди бир тараптуу токтоткон.
Адистер "Камбар-Ата-1" курулуп калса, Кыргызстандагы ГЭСтердин эң ириси болорун белгилешет. Кубаттуулугу –1860 МВт, жыл сайын 5 млрд. кВт/с электр энергиясын өндүрө алат.