"Биз Өзбекстанда АЭСтин курулушуна каршы болгон жана тынчсызданган коңшу өлкөлөр бар экенин билебиз, ошол эле маалда алар өздөрү үч станцияга тапшырык беришти. Эгер алар батыраак куруп баштаса, анда чөлкөмдө электр кубатын алар сата башташат. Атаандаштык бар, ошондуктан эң башкысы – кечигип калбоо керек. Албетте, баарын эсептеп чыгуу керек, бирок кечигип калбоо керек. Менимче, эки өлкөнүн тең саясатчылары муну түшүнүп турат", – деди орус элчиси.
Ал долбоор алдыга жыларын, бирок өтө шаштыруунун да кереги жоктугун кошумчалады.
"Эң башкысы долбоор Өзбекстанды канааттандырып, коомчулуктун кеңири катмарында туура кабыл алынышы керек. Бул жерде биримдик жок. Мага Өзбекстан АЭС куруу менен Орусиядан көз каранды болуп каларын көп айтышат. Мен бул негизсиз коркутуу экенин, АЭС канчага бааланса да, тез болбосо да өзүн актай турганын айтып келгем", – деди Мальгинов.
План боюнча Өзбекстанда атомдук электростанциянын курулушу 2022-жылы башталат.
Өзбекстандагы АЭСтин курулушу 11 миллиард долларга бааланууда жана биринчи энергоблокту 2028-жылы ишке берүү мерчемделген.