Ссылки доступа

Домодедово аэропортунан өтө албай калган тажик мигранттарынын көбү кайра мекенине учуп кетти


Тажикстандын Орусиядагы элчилиги Домодедово аэропортунан өтө албай калган тажик жарандарынын көбү мекенине кайра учуп кеткенин кабарлады.

Буга чейин "Озоди" радиосу мурда Орусиядан депортацияланган 40тан ашуун тажик мигранты Тажикстандан учуп келгенин жана үч күндөн бери аэропортто экенин билдирген.

Мигранттар 1-январда алар кайрадан мекенине учуп кетмек болушканын, бирок белгисиз себептерден улам Домодедово аэропортунан өтө албай калышканын айтышкан. Алар Орусияга иштөө үчүн келишкен, бирок ысымдары өлкөгө кирүүгө тыюу салынгандардын тизмесинде болгондуктан, Орусиянын чек арасынан өтө албай калышкан.

Тажикстандын Орусиядагы элчилиги 3-январь күнү кечинде эмгек мигранттарын Орусияга алып келген уюмдар менен сүйлөшүп, алардын көпчүлүк бөлүгүн кайра Тажикстанга жөнөтүүгө мүмкүн болгонун кабарлады.

Акыркы жылдары Орусиядан 300 миңдей тажик жараны депортацияланган. Укук коргоочулар тажикстандыктар негизсиз өлкөдөн чыгарылган учурлар көп экенин айтып келишет.

XS
SM
MD
LG