Ссылки доступа

Францияда коронавирустун жаңы штаммы табылды


Франциянын Марсель шаарындагы Жугуштуу оорулар институтунун окумуштуулары коронавирустун жаңы штаммын табышты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлашты.

Азырынча коронавирустун бул жаңы түрүнүн канчалык деңгээлде кооптуу жана жугуштуу экени тууралуу маалыматтар жок.

Жаңы штамм Францияга Камерундан кайтып келген саякатчылардан табылган. Тесттердин жыйынтыгы 12 кишиден "мутациянын типтик белгилери жок комбинациясы" аныкталганын көрсөткөн. Болжолдуу изилдөөдө жаңы штаммда 46 мутация бар экени белгиленген.

Францияда акыркы күндөрү коронавирус жуктурган учурлар рекорддук санда катталууда – суткасын 200 миңден ашык. Бул ноябрдын аягында Түштүк Африка республикасында пайда болгон "омикрон" штаммынын жайылуусуна байланыштуу. Жаңы катталган учурлардын 60% чейинкиси дал ушул штаммга туура келүүдө.

Франция бийлиги вирустун жайылуусун токтотуу үчүн жаңы чектөөлөрдү киргизүүдө. Өлкө парламенти эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу тастыктамасы жок жарандардын киного, ресторанга баруусуна же поезд менен саякаттоосуна тыюу сала турган мыйзам долбоорун талкуулай баштады. Парламент мүчөлөрү азыртадан эле эмдөөгө каршы чыгып жаткан адамдардан кемсинткен жана коркуткан билдирүүлөр келип жатканын билдиришүүдө.

XS
SM
MD
LG