Ссылки доступа

Оролдук айдоочулар да суюлтулган газдын наркын төмөндөтүүнү талап кылып чыгышты


Казакстандын Орол шаарында 4-январга караган түнү 80дей киши шаардык акимчиликтин жанындагы Абай аянтына чогулду. "Газель" айдоочулары суюлтулган газдын баасын 50 теңгеге чейин (0,11 АКШ доллары) төмөндөтүүнү талап кылышты.

"Биз газдын баасын 50 теңгеге чейин төмөндөтүүнү талап кылабыз", — деп билдиришти чогулгандар.

Алар суюлтулган газдын баасын төмөндөтүүнү талап кылып жаткан Жаңы-Өзөн шаарынын жашоочуларын колдой турганын айтышты. Чогулгандар газдан тышкары азык-түлүк товарларынын баасын жана коммуналдык кызмат акыларын арзандатууну сурашты.

Аянт жана ага жакын аймактарды полиция кызматкерлери жана атайын техникалар курчап турду.

Чогулгандарга акимдин орун басары Мирболат Миржанов чыкты. Бирок акцияга чыккан адамдар аким Абат Шыныбеков менен жолуктурууну талап кылышты. Бийлик өкүлдөрү аларды таркап кетүүгө чакырып, акцияны мыйзамсыз деп аташты.

Жаңы-Өзөндө жана Маңгыстау облусунун бир катар айылдарында 2-январдан бери жүздөгөн тургун суюлтулган газдын кымбатташына каршы акция өткөрүүдө. Аларга башка аймактардын жана калаалардын жашоочулары да тилектештигин билдирип жатышат. Өкмөт аткаминерлери суюлтулган газдын баасы 120 теңгеден 85-90 теңгеге чейин төмөндөй турганын айтышууда. Нааразылыкка чыккандарды бул вариант канааттандырган жок: алар бааны эки эсеге төмөндөтүүнү талап кылып жатышат.

Видео

Видео

Жагымдуу жылмайган Ameca роботу
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:52 0:00
XS
SM
MD
LG