Ссылки доступа

Көчкү түшкөн Душанбе-Чанак жолу ачылды (видео)


Автодорога Душанбе-Чанак открыта для движения
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:03 0:00

Душанбе-Чанак трассасында кар көчкү түшкөндөн бир сутка өткөндөн кийин жол кыймылы кайрадан калыбына келтирилди. Ушул тапта жеңил автоунаалардын жүрүүсүнө гана уруксат берилди.

IRS компаниясы 3-январь күнү кечинде трассада 30 жолу кар көчкү түшкөнүн билдирди. Анын кесепетинен 20 жеңил жана 5 жүк ташуучу унаа кар тузагында калган. Айрым тилкелер кардан тазалангандан кийин автоунаалар Душанбеге коё берилген. Жол тейлеген IRS компаниясы көчкү эки автоунааны басып калганын, бирок жабыркагандар жок экенин билдирди.

Бул арада айрым айдоочулар көчкү түшкөндө колдоруна күрөк алып, жолду өздөрү тазалоого мажбур болгонун кабарлашты.

Тажикстан жашоочулары IRS компаниясынын филиалынын ишине нааразылык билдиришип, трасса акы төлөгүдөй жакшы абалда эмес экенин айтып келишет. Айдоочулардын айтымында, алар чогулган каражаттын канча бөлүгү автожолду оңдоого жана кар тазалоочу техникаларды сатып алууга жумшалып жатканын билишпейт.

1-январдан тартып IRS компаниясы тейлеген Душанбе-Хожент-Чанак автоунаа жолу аркылуу жүрүүнүн тарифтери өзгөргөн. Буга сомонинин АКШ долларына карата 2,5 эсеге девальвацияланышы себеп болгону айтылган. Бүгүнкү күндө бул жол аркылуу Душанбеден Чанакка чейин баруунун акысы жеңил автоунаалар үчүн 89 сомонини, жүк ташыган автоунаалар менен чиркегичи бар унаалар үчүн 693 сомонини түзөт. Ошол эле маалда аталган трассага жакын жашаган тургундар үчүн 50-93 пайыздык жеңилдиктер каралган.

Видео

XS
SM
MD
LG