Ссылки доступа

Ашхабад мечиттеринде намаз окууга уруксат бериле элек


Ашхабадда мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерине жумушта намаз окууга тыюу салынды.

“Эгер атайын кызматтардын өкүлдөрү мамлекеттик органдардын жана мекемелердин кызматкерлеринин арасынан намаз окуп жаткандарды аныктаса, алар жумуштан бошотулат”, - деди “Азаттыктын” түркмөн кызматынын өз булагы.

Акыркы он жылдан бери Түркмөнстандагы мекеме-ишканаларда намаз үчүн атайын бөлмө ачууга тыюу салынган.

Ошол эле маалда шаардагы мечиттерде күнүгө беш маал азан чакырылууда. Бирок Ашхабаддагы мечиттер азыркыга чейин кишилерди кабыл албайт. Коронавирустук чектөөлөргө байланыштуу август айынын соңунан бери жарандар жапырт түрдө намаз окуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган.

Ушул тапта намазды үйдөн окууга гана уруксат берилген.

Бул арада Түркмөнстан бийлиги азыркыга чейин өлкөдө COVID-19 вирусу бар экенин мойнуна албай келет.

Видео

Видео

Нарын: карды жөө таптап, лыжа тепкен окуучулар
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:05:13 0:00
XS
SM
MD
LG