Ссылки доступа

Казак өкмөтү Маңгыстау облусунда газ баасын арзандатууга макул болду


Казакстандын вице-премьер-министри Ералы Тогжанов баштаган өкмөттүк комиссия Маңгыстау облусунун Актау шаарындагы Ынтымак аянтында нааразылыкка чыккандар менен жолугушту.

Ералы Тогжанов тургундарга суюлтулган газдын бир литри 50 теңге болорун кабарлады.

Өкмөт тараткан билдирүүгө караганда, газ баасы бир гана Маңгыстау облусунда арзандайт жана ал социалдык жоопкерчилик алкагында “Казмунайгаз” улуттук компаниясынын эсебинен ишке ашат.

Тогжанов өкмөттүн атынан “аянтта чогулгандарды жоокерчиликке тартпоого кепилдик берди”.

Актау шаарында нааразылыкка чыккандар “Азаттыктын” казак кызматынын кабарчысына митингди токтотпой турганын айтышты. Алардын биллдиришинче, газ баасын төмөндөтүү – нааразы топтун талаптарынын бири гана болгон.

Актау шаарында нааразылык өткөрүп жаткандардын бири Есберди Асауовдун билдиришинче, аянтта чогулган 10 миңдей киши жумуш берүүнү, калктын социалдык абалын жакшыртууну талап кылууда. Арасында Нур-Султандагы бийликти алмаштырууну талап кылгандар да бар. Айрымдары саясий туткундарды, анын ичинде Ержан Елшибаевди бошотууга чакырышууда.

Нааразы топ аянттан полицянын атайын жасоолун алып кетүүнү талап кылып, болбосо акимчиликтин имаратына кирип барарын эскертти.

XS
SM
MD
LG