Ссылки доступа

Казакстанда өкмөт отставкага кетти


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөттү отставкага кетирди. Тийиштүү жарлык 5-январда Акорданын сайтына жарыяланды.

Расмий кабарга ылайык, өкмөт башчынын биринчи орун басары Алихан Смаилов убактылуу премьер-министрлик кызматты аркалайт.

Өкмөт мүчөлөрү жаңы курам бекитилгенге чейин өз милдеттерин аткарууну улантат.

Казакстандын Жаңы-Өзөн, Актау баштаган бир нече шаарларында газдын кымбатташына каршы акция 2-январдан бери уланууда. 4-январда митингдер Нур-Султан, Алматы, Актөбө, Караганды, Атырау, Орол жана башка шаарларда да болду. Акциянын катышуучулары өкмөттүн отставкасын жана башка саясий талаптарды айтып жатышат.

5-январга караган түнү айрым жерлерде полиция менен кагылышуулар орун алды. Күч кызматтары көздөн жаш чыгаруучу жана кулак тундуруучу куралдар менен аткылашты. Нааразылыкка чыккандардын айрымдарын полиция кармап кетти. Өлкөдө интернет чектелгени кабарланды.

Полициянын автоунаалары өрттөлүп, Маңгыстау менен Алматыда өзгөчө абал жарыяланды. Алматыга 19-январга чейин комменданттык саат киргизилди.

Бозгунда жүргөн оппозициячыл саясатчы Мухтар Аблязов күч түзүмдөрүн акцияга чыккандарга кол көтөрбөөгө чакырды.

Президент Касым-Жомарт Токаев экинчи жолу видео кайрылуу жасап, элди сабырдуулукка үндөгөн.

XS
SM
MD
LG