4-январда "Талибандын" өкүлү Иномулла Самангани Кабулдун мурдагы расмий адамдары Өзбекстан менен Тажикстанга 40тан ашык тик учак жеткиришкенин, учурда аларды өлкөгө кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирген.
Буга чейин талибдердин Коргоо министрлигинин өкүлү Иноятулла Хорезми тик учактарды Ооганстандагы азыркы өкмөткө кайтаруу өтүнүчү менен эки өлкөнүн бийликтерине бир нече жолу кайрылышканын айткан.
Азырынча Ташкент менен Душанбе бул боюнча эч кандай комментарий бере элек. Бирок бир нече күн мурун Reuters агенттиги Өзбекстан менен Тажикстандын өлкө аймагына кирген айрым аскердик учактар менен тик учактарды Ооганстанга кайтарып берүү ниети жок экенин кабарлаган.
Бул тик учактардын көбүн Ооганстандын куралдуу күчтөрүнө АКШ берген. Өзбекстандагы тик учактардын үчөөнү бул өлкөгө качып барган президент Ашраф Гани жеткиргени айтылып келет. Калган учактарды ким жана кандай шартта жеткиргени белгисиз.
Бүгүнкү күндө Тажикстандын Талибан өкмөтү менен дипломатиялык мамилеси жок. Өзбекстан талибдер менен мамилеси жакшы болгонуна карабастан, азырынча алар түзгөн өкмөттү тааный элек.
2021-жылы августта Ашраф Ганинин өкмөтү кулагандан кийин ондогон ооган учкучтары Тажикстанга качып барып, Душанбеге жакын жердеги санаторийде үч ай жашаган. Бул аралыкта алар кийинки тагдырлары белгисиз болуп, Ооганстанда калган жакындары талибдердин кысымына туш болуп жатканына бир канча жолу даттанышкан. 10-ноябрда 143 ооган учкучу Душанбеден Абу-Дабиге учуп, андан ары АКШга баруусуна уруксат берилген.