Ссылки доступа

Сеул менен Токио Түндүк Корея баллистикалык ракета учурганын билдирди


Түндүк Корея Жапон деңизин көздөй бери дегенде эле белгисиз бир снарядын учурду, ал балким баллистикалык ракета болушу мүмкүн. Бул тууралуу Рёнхап агенттиги Түштүк Кореянын Штабдар комитетинин бирдиктүү комитетине шилтеме берүү менен билдирди.

Жапониянын жээк күзөтү билдиргендей, ракетанын калдыктары деңизге түшкөн. Жапон коргоо мининстрлиги ракета 500 чакырымдай учуп барып, Жапониянын экономикалык зонасына түшкөнүнүн кабарлады.

Түштүк Кореянын Улуттук коопсуздук кеңеши чукул жыйынга чогулду. Кеңештин мүчөлөрү Түндүк Кореяны сүйлөшүүгө чакырды. Жапониянын өкмөтү атайын крисисттик штаб түздү.

Түндүк Корея азырынча ракетанын учурулганы боюнча маалыматты тастыктаган жок. Баштапкы маалыматтарга караганда, бул Пхеньяндын 2022-жылдагы алгачкы ракеталык сыноосу болушу мүмкүн. 2021-жылы өлкө бери дегенде эле тогуз жолу ракета учурган.

Былтыр октябрдын ортосунда Пхеньян деңизде жайгашкан баллистикалык ракетасын сынаган. Ага чейин Түндүк Корея зениттик, гиперүндүү ракетасын сынаган.

Түндүк Корея ракеталык жана өзөктүк программалары үчүн АКШ жана БУУнун санкцияларына кабылган. Өткөн аптада өлкөнүн лидери Ким Чен Ын башкаруучу партиянын жыйынында аскердик потенциалды бекемдөө улантыла турганын билдирген.

Видео

Видео

Элмирбексиз эки жыл
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:13:19 0:00
XS
SM
MD
LG