Ссылки доступа

Чек ара кызматы: Тажикстан 50 кыргыз жаранын өлкөдөн чыгарды


Тажикстан себебин эч түшүндүрбөстөн 50 кыргызстандыкты өлкөдөн чыгарып жибергенин 5-январда “Азаттык” радиосуна Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 2-январда кыргыз-тажик чек арасындагы “Карамык” өткөрмө бекети аркылуу Кыргызстанга Тажикстанда жашаган 47 кыргыз жараны өтүп келген. Алар Тажикстандын Жерге-Тал районунда туулуп-өскөндөр. Үй-бүлө мүчөлөрү тажик жарандары жана алар Тажикстанда жашашат.

4-январда Кыргызстандын дагы үч жараны Тажикстандан чыгарылган.

“Кыргызстандын жарандары Тажикстандын Лахш (Жерге-Тал), Мургаб жана Тоолуу Бадахшан райондорунда мыйзамдуу негизде жашап жатышкан жана жашаган жеринде убактылуу каттоодо турушкан. Бирок 2-январда жана 4-январда тажик бийлиги себебин түшүндүрбөстөн жана туугандары менен коштошууга уруксат бербестен 24 саат ичинде Кыргызстандын 50 жаранын Тажикстандан чыгарып жиберди” деп билдирди Чек ара кызматы.

Кыргыз жарандары чек арадагы “Карамык” жана “Бордөбө” бекеттери аркылуу өтүп келишкени белгилүү болду.

Тажик жарандыгынан чыгып, кыргыз жарандыгын алган этникалык кыргыздарды атайын күчтөрдүн коштоосунда автобус менен чыгаруу учурунда аялдарга жана кары-картаңдарга күч колдонулганын, телефонундагы видео-сүрөттөр өчүрүлгөнүн, эгер кайтып келе турган болсо жоопко тартылары эскертилгенин "Азаттыкка" 4-январда жеке булактар кабарлаган.

Тажикстандын расмий органдары бул тууралуу азырынча маалымат бере элек.

Видео

XS
SM
MD
LG