Ссылки доступа

Мирзиёев Казакстандагы жапырт акциялардын фонунда эмгек өргүүсүнө чыкты


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 5-январдан тартып кезектеги кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыкты. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Мирзиёевдин эмгек өргүүсү коңшу Казакстанда суюлтулган газдын кымбатташынан улам башталган жапырт нааразылык акциялар токтобой жаткан учурга туура келди.

2-январда Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингчилерди колдогон акциялар бир нече күндөн бери Казакстандын ондон ашык шаарында уланып жатат. Алардын арасында Өзбекстан менен чектешкен Түркстан облусу да бар.

5-январга караган түнү акциялар күчөп, полиция кызматкерлери менен кагылышуу жана мамлекеттик имараттарга бастырып кирүү менен уланды.

5-январда демонстранттар Алматы шаарындагы мэриянын имаратына кирип барышканы белгилүү болду. Аны улай президент Касым-Жомарт Токаев кайрылуу жасап, коомдук тартипти бузгандарга катаал чара көрүлөрүн эскертти. Ошол эле күнү кечинде Токаев өлкөнүн бардык аймагында өзгөчө абал режимин жарыялоо жөнүндө жарлыкка кол коюп, Казакстандагы тартипти камсыз кылуу үчүн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун лидерлеринен жардам сурап кайрылды.

XS
SM
MD
LG