Ссылки доступа

Тажикстанда милиция жетекчиси менен башкы дарыгердин ортосундагы жаңжал боюнча тергөө башталды


Хатлон облусундагы Жайхун району
Хатлон облусундагы Жайхун району

Тажикстанда Хатлон облусунун Жайхун райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси менен райондук оорукананын башкы дарыгеринин ортосундагы жаңжал боюнча тергөө иштери башталды. Бул тууралуу облустук прокуратурадан кабарлашты.

"Озоди" радиосу укук коргоо органдарындагы өз булактарына таянып, 31-декабрь күнү кечинде ресторандардын биринде жергиликтүү милиция бөлүмүнүн башчысы Курбонали Пулод Барфи райондук оорукананын башкы дарыгери Хомиджон Абдулхамидзенин чекесине тапанча такап, асманга эки жолу ок чыгарганын билдирди.

"Ал ресторандагы жаңы жылдык кечеде соттун төрагасы жана Улуттук коопсуздук кызматынын жергиликтүү бөлүмүнүн башчысы да болгон. Алар залдагылардын өтүнүчү менен окуяга кийлигишип, милиция жетекчисинен тапанчаны тартып алышкан", — деп билдирди булак.

Болжолдуу маалыматтарга ылайык, жаңжал Пулод Барфи аймактагы май куюу жайларынын биринин ээсине орой мамиле кылганынан улам чыккан. Ал киши Абдулхамидзенин жакын тууганы болгон.

Пулод Барфи "Озоди" радиосунун кабарчысы менен болгон кыска маегинде ал күнү "эч кандай жаңжал болбогонун" айтты. Абдулхамидзе журналисттер менен сүйлөшүүдөн баш тартып, окуя боюнча прокуратуранын тергөөчүлөрүнө кайрылууну сунуштады.

3-январда Пулод Барфи кызматтан алынганы кабарланды. Азырынча Тажикстандын Ички иштер министрлиги бул окуя жана милиция жетекчисинин кызматтан алынганы боюнча эч кандай комментарий бере элек.

Полковник Курбонали Пулод Барфи Жайхун райондук милиция бөлүмүнүн башчысы кызматына өткөн жылы мартта дайындалган. Ага чейин ал Ички иштер министрлигинин Душанбе шаарындагы темир жол бекетиндеги бөлүмчөсүн жетектеген.

XS
SM
MD
LG