Президент соңку нааразылыктардын фонунда алгач Алматы менен Маңгыстау облустарына, кийин Алматы шаары менен Нур-Султан шаарларына өзгөчө абал жарыялаган. Анын алкагында шаарларда комендантык сааттар киргизилүүдө. Режимдер 19-январга чейин деп белгиленген.
2-январда Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингчилерди колдогон акциялар бир нече күндөн бери Казакстандын ондон ашык шаарында уланып жатат. 5-январга караган түнү полициялар менен кагылышуу жана мамлекеттик имараттарды бастырып кирүү менен уланды.
5-январда демонстранттар Алматы шаарындагы мэриянын имаратына кирип барышканы белгилүү болду. Аны улай президент Касым-Жомарт Токаев кайрылуу жасап, коомдук тартипти бузгандарга катаал чара көрүлөрүн эскертип, өлкөдөгү тартипти камсыз кылуу үчүн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун лидерлеринен жардам сурап кайрылды.