Юнусовдун атасы, жубайы жана үч баласы бүгүнкү күндө Тажикстандын Хистеварз айылындагы туугандарыныкында жашап жатат.
"Биз үч айдан бери бул жактан чыга албай жатабыз. Чыксак Кыргызстандын же Тажикстандын чек арачылары камакка алышат. Эгер бизге айып пул салышса, акчаны кайдан табабыз? Буга чейин уулум кармалгандан бери 42 миң сомони коротконбуз", - деди Юнусовдун атасы Абдулазиз Юнусов.
Кыргыз бийлиги Юнусовдун туугандарына эч кандай айып таккан эмес. Бирок алар өздөрү кыргыз тарап кармап же жоопкерчиликке тартышы мүмкүн деп кооптонуп жатышат. Юнусовдун аялы Наргиса Юнусова былтыр Кыргызстанда балдары менен бирге бир нече саатка кармалганын билдирүүдө.
Азырынча эки өлкөнүн тең бийлик өкүлдөрү Аскар Юнусовдун жакындарынын мындан аркы тагдыры боюнча эч кандай комментарий бере элек. Тажикстандын бийлиги буга чейин болгону Юнусовго карата чыккан сот өкүмүнө макул эмес экенин жана ал боюнча даттана турганын билдирген.
2021-жылы Лейлек райондук соту Аскар Юнусов менен Тажикстандын дагы бир жараны Абдурозик Абдукахоровду өмүр бою эркинен ажыратып, кийин жазаны 20 жылга эркинен ажыратууга алмаштырган. Алар былтыр май айында чек арадагы куралдуу жаңжалдан кийин кармалып, "Талоончулук" жана "Тынчтыкка каршы кылмыш" беренелери боюнча айыпталышкан. Соттолуучулардын жакындары мындай айыптоолорду четке кагып келишет.
Кыргыз бийлиги Аскар Юнусовдун телефонунан колуна курал кармап түшкөн сүрөтү табылганын жана анын үйүнөн бир нече жолу ок атылганын билдирүүдө.
Абдуазиз Юнусов алар Кыргызстандын Лейлек районундагы Борбордук айылында 30 жылдан бери жашап келгенин жана расмий түрдө ошол жерде каттоого турушканын айтууда. Борбордук менен Тажикстандын Хистеварз айылын болгону бир көчө гана бөлүп турат, бирок чек аралар жабылгандан кийин эч ким жолдун экинчи тарабына өтө албай калган.
Былтыр апрель-май айларында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан кийин кыргыз бийлиги Борбордук айылында жашаган Тажикстандын эки жаранын жана тажик тектүү үч кыргыз жаранын кармап, түрдүү мөөнөттөргө соттогон. Өз кезегинде тажик тарап Тажикстанда Кыргызстандын 10го жакын жаранын кармап, алардын төртөө 2,5 жылдан 5 жылга чейинки мөөнөттөргө эрктеринен ажыратылганы кабарланган.
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чек аранын тактала электигине байланыштуу тынымсыз жаңжалдар болуп турат. Былтыр 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши курман болгон, анын экөө жаш бала. 180ден ашуун киши жараат алган. Тажик тараптан 19 киши өлүп, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган. Тараптар бири-бирин айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.