Ссылки доступа

Султанбаев Казакстан менен чек аранын жабылуусу боюнча кооптонууларга комментарий берди


Ушул тапта казак-кыргыз чек арасындагы өткөрмө бекеттер штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу президентинин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Султанбаевдин айтымында, эки тарап тең коронавируска каршы күрөшүүдөн башка кошумча чектөөлөрдү киргизген жок.

Бул арада кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" өткөрмө бекети кадимки тартипте иштеп жатканын 6-январда эртең мененки саат 10 чамасында "Азаттык" радиосунун кабарчылары жеринен тастыкташты.

Казакстандын бир нече шаарларында нааразылык акциялары орун алгандан кийин соцтрамактардын кыргыз сегментинде казак тарап чек араны жаап коюшу ыктымал деген кооптонуулар айтылган.

Коңшу Казакстандын айрым шаарларында 2-январда башталган нааразылык акциясы башка аймактарга да жайылып, 5-январда өкмөт отставкага кеткен жана кырдаал курчуган.

Кыргызстандын Чек ара кызматы коңшу өлкөдөгү окуяларга жараша тийиштүү чаралар көрүлүшү ыктымал экенин 5-январда билдирген.

Видео

Видео

Элмирбексиз эки жыл
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:13:19 0:00
XS
SM
MD
LG